Кечээ Россиянын Коргоо министрлиги сепаратисттик Абхазиядагы орус бейпилдик күчтөрүнүн саны көбөйтүлөт деп билдирген. Саакашвили муну абдан кооптуу кадам деп баалады. Москва болсо Грузия Түштүк Осетия менен Абхазиянын чегарасына куралдуу күчтөрүн топтоп жаткандыктан, регионго кошумча аскер жиберүү чечими кабыл алынганын ырастоодо.