12:05 И.Чудинов: “Жыл башынан бери дандын баасы 37 пайызга өстү”

Премьер-министр мындай маалыматты “Ак жол” партиясынын депутаттары менен жолугушууда айтты. Анын айтымында, жыл башынан бери өлкөгө 76 миң тоннадан ашык буудай, анын ичинде 24 миң тоннадан ашык ун алып келинген. Бул өткөн жылдын ушул маалына салыштырмалуу 2,3 эсеге көп. Бирок, жогорку сорттогу ундун баасы 15 пайызга, биринчи сорттогусунуку 16 пайызга көтөрүлүп кеткен. Өкмөт инфляцияны ооздуктоо үчүн азык –түлүк коопсуздугу боюнча кеңеш түзүп, дан азыктарын даярдоочу ишканалар үчүн кошумча нарк салыгын 10 пайызга азайткан.(BD)