15:20 Түптөгү окуя боюнча Акыйкатчы институту иликтөө жүргүзүүдө

Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбек Акундун “Азаттыкка” кабарлаганы боюнча ушул тапта Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү окуянын чоо-жайын иликтөө үчүн Түп районунда жүрүшөт. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Конституцияда көрсөтүлгөн жарандардын өз пикирин билдирүүгө, тынч жыйын өткөрүү укугун тебелешти, деп билдирген Турсунбек Акун, мындай иш аракеттер жалпы республикага көлөкө түшүрүп жаткандыгын белгилеп, Түптөгү окуяга жеке укуктук баасын берерин “Азаттыкка” маалымдады.
Түптөгү окуя боюнча чара көрүүсүн талап кылып, оппозиция Башкы прокуратурага кайрылган. Аталган орган буга карата кандай аракеттерди көрүп жаткандыгы тууралуу маалымат алууга мүмкүнчүлүк болбоду.(ZKo)