11:37 Конституциялык реформага байланышкан убадалар аткарылды

Бул тууралуу президент Курманбек Бакиев өлкө конституциясынын 15 жылдыгына арналган салтанатта сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Президент өз сөзүндө конституция кабыл алынган 5-май мамлекет тарыхында зор саясий мааниси бар күн катары кала берээрин, 15 жыл аралыгында баш мыйзамга бир канча жолу өзгөртүүлөр киргизилгенин, бирок 2005-жылга чейинки өзгөртүүлөр саясий кызыкчылык үчүн багытталганын белгиледи. “Март ыңкылабынан кийин элдик бийлик орногон соң биздин алдыбызда конституциялык жоболордун реалдуу мазмун менен айкалышын, коомубузда демократия принциптерин бекмеделишин камсыздоо милдети турду. Ар кандай саясий кызыкчылыкты көздөп киргизилген жоболордон арылуу максатында 2007-жылдын октябрындагы референдумга коюлган долбоордун өзөгүн 1993-жылдагы баш мыйзамдын жоболору түзгөнүнүн себеби ушунда”, - деди өлкө башчысы. Президент ошондой эле баш мыйзамдын жаңы редакциясы кабыл алынган соң өлкөдөгү саясий кырдаал турукташып, саясий партияларга жол ачылганын, парламент саясий партиялардан куралганын кошумчалоо менен өлкө калкын конституция күнү менен куттуктап, саламаттык жана акыйкаттык каалады.(SM)