17:52 Бүгүн “Ата мекен” партиясынын Жалалабат облустук жыйыны болду

Жыйында партиянын облустук конференциясын өткөрүүгө жана күзүндө болоору күтүлгөн жергиликтүү Кеңештердин шайлоосуна даярдык көрүү маселеси талкууланды. Анда парламенттик шайлонун жыйынтыктарын жарыялабаган Борбордук шайлоокомдун иши менен бийликтин кемчиликтери сынга алынды. Ага облуюмдун Жалалабат, Сузак, Базаркоргон аймактарындагы активдүү мүчөлөрү менен партиянын төрагасы Өмүрбек Текебаев катышты. Өмүрбек Текебаев даярдалган адамдардын айынан Ысыккөлдөгү партиялык конференцияга үзгүлтүккө учураганын билдирүү менен өлкөнүн экономикалык, энергетикалык саясаты да туура эмес жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи. Бийликтин ар кандай каршылыгына карабай, партия кызмат–байлыкка сатылбаган адамдар менен узак мөөнөттөгү максаттуу багыттарын жүзөгө ашыраарын айтты. Обулустук конференциянын мөөнөтү ал өткөрүлөөр жай такталгандан кийин аныктала турган болду. (YA)