18:06 Жогорку Кеңеш өкмөттүк гезиттерге 21 миллион сом бөлүү долбоорун карайт

Бул тууралуу бүгүн төрага Адахан Мадумаров “Кыргыз туусу”, “Эркин тоо” жана “Слово Кыргызстана” гезиттеринин чыгармачыл жамааты менен жолугушууда билдирди. Мадумаров аталган гезиттерди өлкөдөгү башкы маалымат каражаттары деп, алардын сапатын көтөрүүгө тоскоолдуктарды аныктоо зарылдыгын белгиледи. Төрага гезиттердин нускасын 100 миңге жеткирүү керек деп эсептеди. (BuS)