Жаңылыктар Ливандын түндүгүндө жаңы кагылышуулар болду 12-Май, 2008 Ливандын түндүгүндө жайгашкан Триполи шаарында батыш колдогон өкмөт тарабы менен “Хезболла” кыймылы жетектеген согушкерлер ортосунда дагы бир кагылышуу орун алды. Өткөн аптадан бери кеминде 50 адам набыт болду.