Украинада депутаттар президентти парламентте сүйлөтпөй коюшту

Жогорку Рададагы өкмөт башчы Юлия Тимошенконун блогу трибунаны тороп алгандан кийин Виктор Ющенко кайрылуу сөздөрүн айтпай калды. Премьер-министр менен келишпестиктин айынан быйыл ушуну менен экинчи жолу Ющенконун парламенттеги кайрылуусу үзгүлтүккө учурап отурат. Тимошенкону колдогон депутаттар президентти инфляция өсүшүн токтото албагандыгы үчүн айыптоодо.