Бүгүн Нарын шаарында өлкөнүн жайыттар жөнүндөгү мыйзам долбоору талкууга алынып, катышуучулардын басымдуу көпчүлүгү долбоорду натыйжалуу жазылган эмес деп баалашты. Республиканын Жайыттар департаментинин директорунун орун басары Эшболот Өсөров бул мыйзам 1996-жылдан бери Жогорку Кеңешке сунушталып, бирок кабыл алынбай келе жаткандыгын, натыйжада жер-жерлерде талкуулоодон кийин кайрадан парламентке жөнөтүлөрүн билдирди. Ал эми Нарын районунун алкагында өткөрүлгөн мыйзам долбоор сын-сунуштарга кириптер болду. Жайыттардын чегаралары, жайыттарга акы төлөө, жайыт билеттери, жайыт ижарасы, башкаруучу орган болгон жайыт кеңеши тууралуу беренелер боюнча талкуулар киргизилди. (KUs)