Кытайда он беш миңдей адам зилзаладан набыт болду

Дагы миңдеген кишилер урандынын алдында калганы кабарланууда. Жер титирөөнүн чордону орун алган Сычуан аймагынын таш-талканы чыккан шаарларында куткаруучулар иштеп жатат. Зилзаладан өлгөндөрдүн саны кескин арбышы ыктымалдыгы айтылууда.