17:12 ЖК төрагасы СДП фракция башчысына мандатын таштап кетүүнү сунуш кылды

Адахан Мадумаров менен Бакыт Бешимовдун кер-мур айтышуусуна Жогорку Кеңештин депутаттарына жана кызматкерлерине майрамдарга карата сыйлык ыйгаруу жөнүндөгү токтом долбоору түрткү болду. “Ак жол” партиясынын мүчөсү Алишер Мамасалиевдин эсебинде сыйлыкка берилүүчү каражат 13 миллион 305 миң сомдон ашат экен. Ошондуктан депутат бул “Ак жолдун” бюджетти үнөмдүү пайдалануу саясатына каршы келет деп эсептеди.

Социал-демократтар фракциясынын башчысы Бакыт Бешимов үнөмдөөнүн башка жолун табуу керек деп, ар бир кызматкер эмгегине жараша колдоо алышы зарыл деп билдирди. “22 депутат “литер” учак менен Санкт-Петербургга учуп, 100 миң долларга жакын чыгым коротпой, оптималдуу пайдалануу керек”, - деген депутат парламентте популисттик аракеттерге барбоого чакырды. Санкт-Петербург сапары Кыргызстандын кадырын көтөрдү деген төрага Бешимовдун өзүн популист деп айыптады. Төраганын айтымында, Бешимов Жогорку Кеңештин айлыгын алып, машинасын минип, жеңилдиктеринен пайдаланып атып, Жогорку Кеңешти легитимсиз деп гезиттерде сындап жатат. Жогорку Кеңеш мыйзамсыз болсо "мандатты таштап чыгып кеткиле” деди Мадумаров. Талкуунун акырында көпчүлүк добуш менен Жогорку Кеңештин депутаттары менен кызматкерлерине сыйлык берүү жөнүндө токтом кабыл алынды. (BuS)