Франция, Германия жана Нидерландиянын полициясы Өзбекстандагы исламчыл согушкерлерди каржылайт деген шек менен 10 адамды кармады. Атын атабаган расмий өкүлдүн билдиришинче полиция түрк улутундагы 8 адамды Франциянын чыгышындагы Мулхаус шаарында камакка алган. Калган эки адам Германияда жана Нидерландияда кармалган. Алардын кайсы исламчыл топтун мүчөлөрү экени маалымдала элек.