8:13 Кыргызстан Кытайга 120 миң тонна гуманитардык жардам берет

Бул тууралуу кечээ Кытайдын парламенттик делегациясы менен жолугушууда Жогорку Кеңештин төрагасы Адахан Мадумаров билдирди. Мадумаров кытайлык делегацияга Сычуандагы зилзала алып келген кесепеттер үчүн көңүл айтты. Мадумаровдун айтымында,учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Кытайдагы жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюуга кол кабыш кылууда. (BuS)