КӨРКӨМ СҮРӨТТӨРДҮН БААСЫ: ДҮЙНӨДӨ ЖАНА КЫРГЫЗСТАНДА

Каарманбек Кулуев, Бишкек Өткөн аптада Нью-Йорк аукционундагы эки сүрөт, атап айтканда ирландиялык сүрөтчү Френсис Бейкондун “Триптих 1976” деген сүрөтү жана Люсьен Фрейддин “Уктап жаткан Сьюзан Тилли” сүрөтү - экөө чогуу 120 миллион долларга сатылды. Учурда көркөм сүрөт өнөрү чоң бизнеске айланып, Ван Гог же Сезанндын сүрөттөрүнө ээ болуу - мунай чыккан жерге ээлик кылуудай эле пайдалуу болуп калганы талашсыз.
Сыр сактоо эрежесине ылайык, Фрейддин жана Бейкондун тарткан сүрөттөрүн 120 миллион долларга сатып алган кишинин аты ачыкталган жок, бирок “Art Newapaper” басылмасынын жазганына караганда, бул – орусиялык миллиардер Роман Абрамович. Өз кезегинде Англиялык Челси футбол клубун сатып алган орус ишкери бул маалыматты, албетте, тастыктаган жок.

Дүйнөлүк классикага жана көркөм сүрөт чыгармаларына болгон баанын өсүшү буга чейин да байкалып келген. Андыктан мындай шедеврлер мыкты инвестициялык долбоорго айланып жатат. Алардын баасы убакыт өткөн сайын өсүп гана турат, дейт прагалык сүрөтчү Стюарт Мур.

-Акылдуу инвесторлор өз акчаларын искусствого салып жатышат. Азыркы учурда дүйнө боюнча эле экономикалык кыйынчылыктар болуп жатпайбы. Андыктан искусство инвестиция үчүн мыкты тармак. Сиз жакшы көргөн чыгармаңызды сатып алсаңыз болот. Он жыл өткөн соң аны кайра сатып жиберсеңиз эң кеминде өз акчаңызды кайтарып аласыз, күйбөйсүз.

Анткен менен, сатып алгандардын көпчүлүгү мындай кымбат сүрөттөрдү, акча кызыкчылыгынан эмес, өзүнүн көңүлү үчүн алышат, дейт Сотбис аукцион үйүнүн директорунун орунбасары Алекс Бранкзик.

- Бул – искусствону сүйүү. Сатып алуучулар көркөм өнөр чыгармаларын инвестиция катары карабайт болуш керек. Албетте, сиз сатып алган буюм арзандап кетсе, сиздин көңүлүңүз да чөгөт. Андыктан сатып алуучулар тигил же бул буюмду алар астында терен изилдөө жүргүзөт. Бирок бул чыгармаларды сатып алууга негизги түрткү – пайда табуу ниети эмес, искусствону сүйүү.

Дүйнөлүк практикада көркөм чыгармаларга ээлик кылуу эки тарапка тең пайда алып келчү. Андыктан колунда бар кишилер же бийлик шыгы бар сүрөтчүлөрдү мурунтан эле өз канатына алчу. Мисалы Сандро Боттичелли, Пинтуриккьо, Микеланжело жана Рафаел сыяктуу чеберлер Ватикандагы Сикстин Капелласын көрктөндүрүшкөн. Рим папалары аларга иши үчүн тиешелүү сый көрсөтүшчү.

Кыргызстанда көркөм өнөр чыгармалары кандай бааланат? “Биздеги эн кымбат сүрөт канча турат?”

Жаш сүрөтчү Замир Илипов:

- 3 миң долларга чейин болуш керек. Андан кымбат баага сүрөттү сатып алган кишини мен көрө элекмин да, уга элекмин.

Бул, албетте, сүрөт базарында сатылып жаткан сүрөттөрдүн абалы. Мындан сырткары, Кыргызстанда бар, бирок сатылбачу кымбат сүрөттөр бар, дейт өлкөнүн маданият министри Султан Раев.

- Бизде орус абстракционисти Фальктын сүрөттөрү бар. Анын бир сүрөтү, орто эсеп менен, 75 миң доллар турат. Мындай сүрөттөр бизде көп.

Министрдин айтымында музейлердеги мындай кымбат баалуу сүрөттөр сатылбайт. Бирок серепчилердин айтымында, алар Кыргызстанда сатыкка коюлса да ага кардар чакпайт болчу. Анткени эл көбүнчө чыныгы көркөм өнөр чыгармаларын эмес, жөн гана кооз тартылган сүрөттөргө, мындайча айтканда, попсага гана кызыкдар. Анын кесепетинен биздин сүрөтчүлөрдүн жарымы атты, көлдү же сулуу кыздын гана сүрөттөрүн тартып көнүп калышкан, дейт Замир Илипов.