Бул комиссия Кыргызстан журналисттеринин былтыр декабрдагы курултайында негизделип, ага “Кыргызстан журналистинин этикалык кодексинин” негизинде маалымат каражаттарындагы чыр-чатактарды териштирүү милдеттендирилген. Анын мүчөлөрүнүн курамы төрттөн кем эмес журналисттен, бештен кем эмес жарандык лидерлерден жана коомдук-саясий ишмерлерден турат. Уюм гранттардын эсебинен иштейт жана жыл сайын коомчулукка отчет жарыялайт. (BuS)