19:58 Кыргызстандык молдолор бүгүн дин боюнча сынак тапшырышты

Кыргызстан муфтиятынын демилгеси менен өткөн сынакка жалпысынан республикадагы 1660 мечиттин негизги имам, хатибдери чакырылган. Бирок алардын 30% жакыны аттестацияга такыр эле келген эмес. “Мунун өзү алардын дин жаатында билим деңгээлинен кабар берет”, - деди бүгүн “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, Өкмөттүн алдындагы дин иштери боюнча агенттиктин төрагасы Каныбек Осмоналиев. Анын айтымында, экзаменге катышкандардын 90% аны ийгиликтүү тапшырган. (TD)