10:28 Чыңгыз Айтматовдун ден-соолугу туруктуу абалда

Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчилигинен бүгүн кабарлашты. Немис дарыгерлеринин маалыматы боюнча Чыңгыз Айтматовдун канынын анализи дурус. Жазуучуну дарылоо иштери улантылып жатат. Кыргыз эл жазуучусу 18-майда бөйрөк ооруусунан Германиянын Нюрнберг шаарындагы адистешкен ооруканага жеткирилген.(AiT)