Киевде Энергетика саммити өтүп жатат

Ага Азербайжан, Грузия, Эстония, Латвия, Литва жана Польшанын президенттери катышууда. Негизги маселе "Каспийдин мунай-газын канткенде Европага Орусияны айланып өтүп жеткириш керек?" деген маселе болуп жатат.

Анын аралыгында Беларуста КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары жолугушууда. Анда Орусиянын премьер-министри Владимир Путин Беларустун президенти Александр Лукашенко менен өз алдынча жүздөшөөрү кабарланууда.