Беларуста америкалык адвокат Эммануил Зельцерге каршы кылмыш иши козголду

Ага каршы баңги заттарын мыйзамсыз саткан жана контрабанда жасаган деп Беларустун мамлекеттик коопсуздук кызматы айып коюуда. Зельцер 12-мартта Минскиде кармалып, ага алгач жасалма документтерди пайдаланган деп айып коюлган.Зельцер грузиялык маркум ишкер Бадри Патаркацишвилинин мүлкүн мыйзамсыз ээлеп алуу аракеттерине катышууда деп маркумдун үй-бүлөсү тарабынан да айыпталган.