11:23 Кыргызстанга келген оогандык кыргыздар Нарын, Ысыккөл аймактарын кыдырууда

“Ага хан” фондунун жардамы менен оогандык алты кыргызды өткөн жумада америкалык жаран Тед Калахан алып келген. Региондорду кыдыруудан кийин оогандык кыргыздар 6-июнда “Азаттык” радиосунун редакциясында да болмокчу. Өткөн жумада Бишкекте маалымат жыйынына катышкан оогандык кыргыздар Ооганстандагы кыргыздарга дарыгерлер, мугалимдер жетишпей жатканын билдирген эле.(AiT)