Ооганстанда Би-Би-Си кабарчысы өлтүрүлдү

Ооганстандын Хелманд чөлкөмүндө Би-Би-Си радиосуна ишетеген жергиликтүү кабарчы өлтүрүлдү. Жергиликтуу бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, Абдул Самад Рохани ишембиде жоголуп кеткен эле, анын сөөгү кечээ табылды. Талип согушкерлеринин маалымат өкүлү талиптердин бул ишке тиешеси жоктугун кабарлады.