Жаңылыктар Украинда кенчилерди издөө уланууда 10-Июнь, 2008 Украинанын Донецк облусундагы шахтада болгон ири жарылуудан аман калган 17 кенчи жер үстүнө алынып чыкты. Куткаруучулар ошондой эле бир адамдын сөөгүн табышты. Жекшембиде болгон кырсыктан кийин дагы 19 кишинин дайыны белгисиз бойдон кала берүүдө.