18:00 Баткен облусунун баардык район шаарларында Ч.Айтматовду жоктоп эскеришти

Бул тууралуу Баткен облустук акимчилигинин басма сөз катчысы Мамажан Бердишев «Азаттыкка»14-июнда маалым кылды. Кабарлоодо Баткен шаарында өткөн эскерүү митингине кеминде миңдей киши катышып, Чыңгыз Айтматовдун кыргыз элин дүйнөгө таанытуудагы эбегейсиз эмгектерин эске алышканы айтылат. Чыңгыз Атйматовго арналган реквиемдер облустун баардык район шаарларында орун алган мекеме ишканаларда, орто жана жогорку окуу жайларда окулду. (SA)