"Чоң сегиздин" каржы министрлеринин Жапониянын Осака шаарында өткөн эки күндүк жыйынынын соңунан кабыл алынган биргелешкен билдирүүдө мунайдын, азык-түлүктүн кымбатташы бүткүл дүйнөдө инфляциянын күчөшүнө жана ачарчылыкка алып келүүсү мүмкүн экени айтылган. Чоң сегиздин каржы министрлери баанын мындан ары жогорулашына жол бербөө үчүн мунай экспорттогон өлкөлөрдү өндүрүштү көбөйтүүгө чакырышты.