14:10 Бишкекте “Борбор Азиядагы кол өнөрчүлүк” көргөзмөсү өтүүдө

Көргөзмөдө беш өлкөнүн уздары өз буюм-тайымдарын эл сынына коюуда. Тажик, түркмөн, өзбек, казак, кыргыз уздарынын башын бириктирген бул иш-чара Борбор азия кол өнөрчүлөр ассоциациясы тарабынан уюштурулду. Эки күндүк көргөзмө “Караван” соода борборунда өтүп, бүгүн ал соңуна чыгат. (EK)