Европа Иранга көбүрөөк санкция киргизүүгө макул болот

Эгерде Иран өзөктүк программасы боюнча батыш тарабынан сунушталган жаңы шарттарды четке какса, анда Европа жакын арада жаңы санкцияларды киргизүүгө барат, деп билдирди Британия өкмөт башчысы Гордон Браун. Ал билдирүүнү Лондондо АКШ президенти Жорж Буш менен жолугушуудан кийин жасады.Жаңы санкция Ирандын ири банкынын активдерин тоңдуруу, газ жана мунай тармактарын камтымакчы.