ТАЖИКСТАН: ТООЛУУ БАДАХШАНДА КЫРДААЛ КУРЧУП БАРАТАТ

Кубат Чекиров, Прага Тажикстандын алыскы чыгышындагы Памир аймагындагы Тоолуу Бадахшанда жергиликтүү лидерлер менен өкмөттүн ортосундагы чыңалган мамиле улам курчуган мүнөзгө өтүп баратат. Калк сейрек отурукташкан аймактын жашоочулары бир топ апта бою тамак-ашка баанын кымбатташына каршы арыз-дооматтарын билдирип жатышкан. Каршылык жыйындарын басуу үчүн бул жакка өкмөттүк аскерлер кошумча тартылганы жөнүндө кабардан кийин нааразылык жыйындар мурдагыдан бетер күч алды.
Азиянын тоолуу өлкөсүнүн эң алыскы бурчунда соңку учурда кырдаал кыйындап баратат. 18-июнда беш жүздөн ашык адам Тоолуу Бадахшан автономиялуу областынын борбору Хорогдогу акимияттын имаратынын алдына чогулуп, жергиликтүү лидерлерди кармоо үчүн бийлик аскерлерин жибергени жөнүндө кабарга кабатырлануу билдиришти. Ал жерге келгендердин арасынан бир аял эмне максат менен келген себебин мындайчы түшүндүрдү.

«Мен өкмөттүк аскерлер бул жерге келди деп уктум. Мен эки баланын энесимин, мен кан төгүлүшүн жана энелердин кайрадан кара кийишин каалабайм. Биз бул жерге согушка жол бербөө үчүн чогулдук. Бул жакка аскерлер эмне максат менен келди. Ошону түшүндүрүп беришсин, Эгер бизге ушуну айтышса биз тынч гана тарап кетебиз. Биз башка эчтекени каалабайбыз.»

Тоолуу Бадахшан Тажикстандын аймагынын дээрлик тең жарымына тете жерди ээлейт, деңиз деңгээлинен бир нече миң метр жогору жайгашкан. Ал жакта жашаган жарым миллиондой калктын басымдуу бөлүгү Агахандын жолун жолдогон исмаилиттер. Өлкөдө басымдуу калкы негизинен суниттер болгондуктан, алар Тажикстандын саясатынан абдан эле обочолонуп калышкан.

Бадахшан 1992-97 жылдары болгон атуулдук согушта ар кандай куралдуу топтордон кыйла жапа чеккен. Атуулдук согуш Тажикстанда жүз миңдей адамдын өмүрүн алган. Согуш токтогондон кийин бул аймактын калкы өз арбайын өзү согуп жашап келген. Бирок сонку учурда бир нече апта бою алар зарыл керектүү товарларга баанын жогорулашына, отун суунун тартыштыгына нааразылык билдирип чыгышкан. Бул жерден алар борбордук бийликтин ашкере кийлигишип жатканына да кабатыр болуп жатышкан.

Жергиликтүү оппозициячыл лидерлер кымбатчылык саясаты үчүн өкмөттү сындап чыгышкан. Оппозициядагы Социал-демократиялык партия дагы бул нааразылык чараларын колдоого алды.

Социал-демократтардын бул жактагы канатынын башчысы Алим Шерзаманов Хорогго жүздөгөн өкмөттүк аскерлер келгени жөнүндө кабарды алгачкылардан болуп тараткандардын бири. Эмки айда бул жакка президент Эмомали Рахмондун келиши да күтүлүп жаткан.

Мурдагы айда Күлөп аймагында да ушундай нааразылык жыйыны күч менен таркатылган болчу. Май айында Тажик өкмөтү баңги зат соодасы менен алектенгендерди кармап келүү талабы менен аталган аймакка аскер жиберген. Аскерлер Күлөптө жергиликтүү лидерди кармоого аракет кылышып, кармашуу маалында бир нече адам кайтыш болгон.

Бадахшанда жашаган эл эми аларга да каршы өкмөт ушундай күч колдонот деп санааркап турушат. Бадахшандагы өкмөттүн эн чоң төрөсү Касым Кадырдын үй бүлөсүн шашылыш түрдө борбор шаарга алып чыгып кеткени жөнүндө кабар эл арасын ого бетер дүрбөттү.

Нааразылык чарасына келгендердин бири Сабзали Мамадризаев автономиялуу аймактын башчысы үй бүлөсүн Дүйшөмбүгө алып чыгып кеткенине кандай себеп болгонуна таң калууда.

«Эгер бул жакта баары тынч болсо анда эмне үчүн ал үй бүлөсүн көчүрүп жиберди. Ал элге эчтеке айткан жок. Эмне үчүн бизге эчтеке айтпай жатышканынын себеби билгибиз келет».

Бийлик өкүлдөрү кошумча тартылган өкмөттүк аскерлер кайра кайтарыла турганын айтып убада кылышкандан кийин гана нааразылык чарасына келгендер тарап кетишти. Бирок эгер бул убада аткарылбаса алар эки күндөн кийин кайра демонстрацияга чыга тургандыктарын эскертишти.