8:20 Бүгүн саясий партиялар менен жарандык уюмдар тегерек үстөлгө чогулушат

Тегерек үстөлдө энергетика, азык түлүк коопсуздугу жана маалымат каражаттарынын абалы талкууланат. Биринчи маселе боюнча “Ар намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов доклад жасаары күтүлүүдө. Талкууга 50 чамалаш саясий жана жарандык лидерлер катышары болжонду. Уюштуруучулардын бири, “Ата мекен” партиясынын лидери Өмүрбек
Текебаевдин “”Азаттыкка” билдиргенине караганда тегерек үстөл ар кандай көз караштагы саясий партиялар менен бейөкмөт уюмдардын ортосундагы кызматташтыктын формаларын издөө максатын көздөөдө. (BuS)