Мекенчил сезимди ойготуу максатында «Кыргыз эл» коомдук уюму жаштар арасында кыргыздын белгилүү тарыхый инсандары чегерилген футболкалар таратууда. «Кыргыз эл» коомдук уюмунун төрагасы Бакыт Өмүрзаковдун билдиришинче бул иш- чара уюмдун «Макал - Лакап» долбоорунун алкагында ишке ашып жатат. Футболкаларда, мындан тышкары, кыргыздын накыл кептери, макал - лакаптары да камтылат. Акциянын уюштуруучулары жакынкы күндөрү аймактарга чыкканы жатышат. Анда жаштарга кыргыздын тарыхта калган урунттуу учурлары тууралуу эскертме китепчелери да таратылат.(EK)