Бүгүн карылардын «Дөөлөт» жана «Өрмөк» уюмдары кыз ала качууга каршы экендиктерин билдиришти. Карылар ала качуу кыргыздардын ыксыз салт санаасына кирээрин айтышып, жаштарды татыктуу үй-бүлөө курууга чакырышты. «Адатта бүтүрүү кечелери өтөрүү менен кыз ала качуу күч алат. Андыктан алдын ала тынчсыздануу билдирип чыгып атабыз» - дейт «Өрмөк» уюмунун жетекчиси Бурул Ашимбаева.
ИИМдин маалыматы боюнча ала качуу фактысы менен өлкөдө 2006-жылы 14 , ал эми 2007-жылы 31 кылмыш иши козголгон. Аялдар менен иштеген кризистик уюмдардын маалымдоосунда ала качууга дуушар болгон кыздардын саны, чындыгында, мындан алда канча көп. (EK)