10:43 “Де-факто” гезитинин банк эсептери, мүлкү да камакка алынды

Бул тууралуу гезиттин башкы редактору Чолпон Орозобекова бүгүн билдирди. Анын айтымында, 14-июнда гезиттин редакциясын тинтүүгө уруксат берген соттун чечиминде гезиттин мүлкүн жана банк эсебин да камакка алуу да караштырылган экен. Бирок ал тууралуу редакцияга убагында эч кандай маалымат берилген эмес. 24-июнда гезиттин редакциясын экинчи ирет тинтүүдө тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү гезиттин түп нускадагы документтерин алып кетүүгө аракет жасаган. Бирок адвокат Нина Зотованын кийилигишүүсү менен ал ишке ашпай калган.(AiT)