Коомдук парламенттин өкүлү Эргешовага облустук ички иштер башкармалыгы бирөөнүн документтин тартып алды, талап-тоноочулукка барды деп кылмыш ишин козгогон. Айыпталуучунун айтымында, “Атамекен” партиясынан талапкердин парламенттик шайлоо маалында кайталап добуш берип жаткан шайлоочуну добуш берүү участогунда кармап, паспортун тартып алып, шайлоо комиссиясына өткөрүп берген. Сот жабырлануучу жок деп кийинкиге жылды. Эргешова кылмыш ишти саясий куугунтук катары баалоодо. (BuS)