Каржы полициясынын Оштогу бөлүмүнүн маалыматы боюнча Кытайдан 43 200 даана жумуртка тиешелүү документтери жок Карасуу шаарына апкелинген. Оштогу эпидемиологиялык-санитардык көзөмөл борборунун иликтөөсүнөн кийин бул жумурткалар санитардык эрежелерге жана нормаларга туура келбей тургандыгы аныкталган. Каржы полициясы бул ишке байланыштуу кылмыш иши козголо тургандыгын маалымдоодо.(ZKo)