11:00 Ысыкатадагы коштошуу кечесинде бир бүтүрүүчү бычакталды

Бул туурасында каза болгон баланын агасы Майрамбек Эгембердиев «Азаттыкка» маалымдады. Жээк айылындагы Кычан Жакыпов атындагы орто мектептин бүтүрүүчүлөрү коштошуу кечесин 24- июнь күнгө белгилешип, 25- июнь күнгө караган таңда алар ата- энелери менен бирге Чоң- Чүй каналынын жээгине келишкен. Бул учурда күтүп олтурган 10- класстын окуучулары Жолдошбек Эгембердиевди чакырып алышып сабап, артынан бычак уруп качып кетишкен. Кечепетинде Ж. Эгембердиев ошол жерден каза болгон. Жакындарынын билдиргенине караганда окуя болгонго чейин 10- класстын окуучулары
Ж. Эгембердиев менен мектептен урушуп кетишкен. 10- класстын жыйырма үч окуучусу бүтүрүү кечесин өткөрүү маалында өч алууну алдын ала болжолдошкон. Учурда шектүү деп кармалгандардын экөө Ысыката ИИБнин убактылуу кармоочу жайында олтурат. Тергөө иштери жүрүүдө. (JJ)