Жаңылыктар Испания футбол боюнча Европанын чемпиону болду 30-Июнь, 2008 Кечээки финалдык таймашта Испаниянын курама командасы Германиялык атаандаштарын 1:0 эсебинде жеңип алды. Бул испандардын футбол боюнча Европа чемпионатындагы экинчи жеңиши. Испания алгач 1964-жылы чемпион болгон.