11:33 Каржы министрлиги жакынкы жылдары тышкы карызды башкаруу боюнча стратегияны иштеп чыкты

2008-2010-жылдарга эсептелген стратегиянын максаты мамлекеттин карызын кыскартуу жана тыштан жаңы карыз алууну коопсуз деңгээлде кармоону көздөйт. Ага жетишүү үчүн каржы министрлиги бюджеттин таңсыктыгын 2010-жылга карай 2.4% түшүрүп, тышкы карыздын көлөмүн ИДПнын 42.9% түзүүсүнө жетишүүгө аракеттенет. Быйылкы жылы бюджеттин таңсыктыгы 2.8% түзүүдө. Ал эми тышкы карыздын көлөмү ИДПнын 57.79% түзөт. Өкмөт бул стратегиянын алкагында ошондой мамлекетик инвестиция үчүн тыштан алынчу карызды, тышкы карызга төлөнүүчү сумманы да кыскартууну көздөөдө. Бул тууралуу каржы министрлигинен бүгүн кабарлашты.(AiT)