КЫРГЫЗ СПОРТУНУН АБАЛЫНА ЖАРАША СПОРТТУК ЖУРНАЛИСТИКАСЫ ДА ЧАБАЛ

2-июлда дүйнө жүзүндө Эл аралык спорт журналисттер ассоциациясынын (AIPS) түзүлгөн күнү белгиленди. Бул уюм 1924- жылдан бери дүйнөлүк спортту, олимпиадалык кыймылды, дене тарбия, спорт ишмердүүлүгүн чагылдырып, көйгөйлөрдү ортого салып келет. Кыргызстандагы спорт журналисткасынын абалы кандай? Спорттук гезит- журнал, өзүнчө маалымат каражаттарынын жоктугу спорттун өнүгүшүнө кедерги болобу? Спорт журналисттеринин кесиптик деңгээли учур талабына жооп береби?
Кыргызстанда да спорт журналисттер федерациясы 1995- жылы түзүлгөндөн бери өлкөдөгү спортту, дене тарбияны, сергелең жашоо ыңгайын жайылтууга колдон келген салымдарын кошуп келүүдө.

Өлкөнүн Улуттук олимпиада Комитетинин башкы катчысы Канат Аманкуловдун айтымында Кыргызстандын спорт журналисттеринин кесиптик деңгээли учур талабына жооп бербейт. Спорттук көйгөйлөрдү терең талдоого алышпай, жеңгендерди мактоо, утулгандарды бир жактуу сындоо менен гана чектелип, утулуунун себептерине анализ кылынбайт.

Мындай пикирге “Заман Кыргызстан” жумалыгынын спорттук баяндамачысы Табылды Асыгалиев да кошулуп, спорттук журналисттердин билим деңгээлин жогорулатуу үчүн семинар- кеңешмелерди өткөрүүнүн, чет өлкөлүк кесиптештер менен тажрыйба алмашып туруунун зарылдыгын “Азаттыкка” билдирди.

Жогорку кеңештин басма сөз кызматынын кызматкери Ашыркул Оморовдун пикиринде Кыргызстанда спорттук журналистиканы өнүктүрүү үчүн, дене тарбия, спортту жайылтуу жана генефондду сактоо үчүн өлкөдө спорттук гезит- журнал, өзүнчө маалымат каражаттары болуусу зарыл.

Ар жыл сайын 2- июлда Эл аралык спорт журналисттер ассоциациясынын (AIPS) түзүлгөн күнү Кыргызстанда дагы расмий белгиленип, спортту жазып жүргөн журналисттерге өлкөнүн спорт журналисттер федерациясы сый- урмат көрсөтүп жүрүшөт. Бул иш чаранын алкагында ар жыл сайын спорт журналисттери арасында спорт журналистти Евгений Марченкону эскерүүгө арналган футзал турнири өткөрүү салтка айланган. Быйылкы турнир 5-июлда Койташ эс алуу базасында өткөрүлмөкчү.

Адистердин айтымында өлкөдө спорт журналистикасына көңүл бурулган эмес. Ошондуктан Кыргызстанда 1991- жылы “Байге” аттуу спорттук гезит бир жылдай чыгып, каражат маселеси чечилбей чыкпай калган. Андан кийин орус тилинде “Спортивный Кыргызстан” аттуу гезит дагы бир жылдай чыгып, анын дагы кендирин каражат маселеси кести.

Учурда дүйнө коомчулугунун көңүлү Бээжинде өтө турган олимпиадалык оюндарга бөлүнүп турат. Жалпысынан Бээжин олимпиадалык оюндарынын жүрүшүн дүйнө жүзүнөн 21 миң 600 кабарчы, телерадио кызматкерлери чагылдырууга укук алышса, анын миңден ашыгы кытайлык журналисттер болмокчу. Анандагы ошол 21 минден ашуун журналисттин ичинен 5 миң 600ү гана гезит, журналдын кабарчылары болуп саналат.

Журналисттерге Бээжин олимпиадасын чагылдырууга аккредитация берүүдө эл аралык олимпиада комитети калыстык кылбай, Европа өлкөлөрүнө арбын орун берип жатышканына Казакстан спорт журналисттер федерациясынын президенти Несип Жунусбаев нааразычылыгын “Азаттыктын” кабарчысына билдирип, сынга алган:

- Казакстан Борбор Азиядагы үлкөн мамлекеттердин бири болсо, анан дагы Бээжин олимпиадасына жүздөн ашуун спортчусу жолдомо алышса, биздин өлкөгө 3 гана кабарчыга олимпиаданы чагылдырууга укук берилгени калыстык эмес.

Ошондой эле май айынын аягында Бээжинде өткөн АIPSтин 71- Конгрессинде кыз- келиндерден спорт журналисттери саналуу гана экендиги сынга алынып, алар үчүн эмдиги жылы Тегеранда семинар- кеңешме өткөрүү маселеси да чечилди. Бул семинар-кеңешмеге Кыргызстандан дагы өкүлдөр барышмакчы. Ал эми Азия спорт журналисттер уюмунун кезектеги Конгресси быйыл ноябрда Кувейт өлкөсүндө өткөрүлмөк болду.

AIPSтин кезектеги 72-конгресси 2009- жылдын май айында Италиянын Милан шаарында өткөрүлөт. Андан кийинки 73-конгресс 2010- жылы Түркиянын Анталия шаарында өткөрүү демилгеси колдоого алынган.

Май айынын аягында Бээжинде өткөн AIPSтин 71-конгрессине 96 өлкөдөн эки жүздөн ашуун делегаттар катышты. Ал эми Борбор Азиядан Казакстан менен Кыргызстандан гана өкүлдөр барышты.