Бириккен Улуттар Уюмунун волонтерлор программасынын жаштар маселеси боюнча аймактык координатору Мамиржан Абдуллаев Оштогу чоң талкуунун жүрүшүндө мектептерде рэкетчилик мурдагы жылдарга караганда кыйла көбөйгөндүгүн, бирок, мамлекеттик органдар аны жаап-жашырып келаткандыгын, чукул арада алдын алуу чараларын көрбөсө, маселе чиеленишип бараткандыгын шардана кылды. Ош шаардык агартуу башкармалыгынын жетекчиси Абдивали Балтабаев коңгуроо кагууга негиз жоктугун, ата-энелердин жана окуучулардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөн кийин рэкетчилик кыйла тыйылгандыгын маалымдады. (ATo)