16:20 Эртең балдардын жана аялдардын аз кандуулук проблемасына арналган жыйын өтөт

Ага тиешелүү мекемелердин жетекчилери, парламент депутаттары, жыйындын уюштуруучулары ЮНИСЕФдин өкүлдөрү, эне менен баланын саламаттыгы боюнча адистер катышат. Талкуунун катышуучуларына балдардын, аялдардын аз кандуулугу боюнча кеңири маалымат берилет жана аны алдын алуунун жолдору белгиленет. Аталган талкуунун жыйынтыгы боюнча балдардын жана энелердин аз кандуулугун кыскартуу боюнча улутуук саясаттын багыты белгиленет.(MSu)