Босниянын Сребреница шаарчасындагы кыргынга 13 жыл болду

Ушул эле күнү аты-жөнү жаңы эле аныкталган 300гө жакын кишинин сөөгү жерге берилди. 1995-жылдын июлунда босниялык сербдердин армиясы 8 миңдей мусулман эркек менен балдарды өлтүргөн. Бул – экинчи Дүйнөлүк согуш аяктагандан бери Европадагы эң ири кыргын болуп калды. Дагы миңдеген сөөктүн кимге таандык экенин аныктоо зарыл. Сребреницанын жака белинде 60ка жакын массалык көрүстөн табылган.