Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча жогорку өкүлү Солананын адамы жолугушуу кайда өтөрүн айткан жок. Батыш өлкөлөрү Иран атомдук куралдын үстүнөн иштөөдө деп, Тегерандан уран байытууну токтотууну талап кылып келет. Ирандын ядролук программасына байланыштуу ушу тапта Тегеран менен Вашингтондун алакасы начарлап турат.