07:23 Искендербек Айдаралиев Нарын облусундагы чарбаларды кыдырды

Бүгүн биринчи вице-премьер министр Искендербек Айдаралиев Нарын облусунун жыйынына катышат. Анда облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн алты айлык жыйынтыгы чыгарылат. Түштөн кийин Айдаралиев Ысыккөл облусуна барып, Жетиөгүз, Тоң районундагы чарбалар менен таанышат. 17-июлда Ысык көл облусунун коллегиясына катышат. Кечээ биринчи вице-премьер министр Каракече көмүр кениндеги көмүр казуучу ишканалардын абалы менен таанышып, жумушчулар менен жолугушкан. Жумгал районундагы Дыйкан айылындагы суу сактагычтын курулушун жеринде көрүп, райондогу социалдык-маданий обьектилердин абалы менен жакындан таанышкан. Ошондой эле Акталаа районундагы жайкы талаа жумуштарынын жүрүшүн жеринде көрүп чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынын кызматкери Болот Жумабаев “Азаттыкка” билдирди. (AJ)