10:30 Президент иш сапар менен Москвага жөнөп кетти

Курманбек Бакиев иш сапарынын жүрүшүндө орус президенти Дмитрий Медведев менен жолугушат. Анда тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташуу, алака-катышты өнүктүрүү маселелерин талкуулашмакчы. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан кабарланды. (EBM)