ТАЛАС: АЙЫП КИМДЕ?

Уланбек Абдырахманов, Талас Улуттук телерадиокорпорациясынын журналисти Эдил Мелисбеков Таластан автокырсыкка учураган. “Ал факты “Алиби” гезитине туура эмес чагылдырылган”,- деген нааразычылыктар жергиликтүү журналисттер тарабынан сынга алынган. Таластагы массалык маалымат каражаттарынын ресурстук борборунда бул тууралуу мурдагы күнү жыйын болду.
Талас телерадиокомпаниясына таандык ГАЗ-24 маркасындагы мамлекеттик номери 0059 ТА автоунаа менен 2 июль күнү Кыргыз улуттук телерадио корпарациясынын журналисти Эдил Мелисбеков Талас шаарынын күн батыш жагындагы Газпромго таандык күйүүчү май куюуучу автостанциянын жанынан мамыны сүзүп, кырсыкка учурайт. Эдил Мелисбековдун жанында облустун губернаторунун маалымат катчысы Бакай Садыров да болгон.

9-июль 2008-жылы № 25 сандагы “Алиби” гезитине “Мас болсоң мамыны сүзөсүң” деген аталыш менен жогоруда факты тууралуу макала жарыяланат. Ал макалада автоунааны айдап бара жаткан журналист Эдил Мелисбеков анын жанында Бакай Садыров жана “Ак жол” партиясынын жаш кыз-жигиттери автоунаада бар экени жазылып, баардыгы орто деңгээлде мас абалда болушкан деп көрсөтүлөт. Жогоруда аталган жыйында бул макаланын авторлорун Таластагы кесиптештери ортого алышып, аларга ар кандай сындарды айтып жатышты.

"Бул макаланы гезитте көрсөтүлгөндөй Данил Акжолов эмес, аны толугу менен журналист Машакбай Рахманкулов жазган",- дейт “Азаттыкка” губернатордун маалымат катчысы Бакай Садыров. Анын айтымында, макалада көрсөтүлгөн фактылардын көбү туура эмес:

- Эч кандай ал жерде мас адамдар ошол макалада көрсөткөндөй кыз-келиндер “Ак жол” деп жатпайбы андай эч нерсе болгон эме. Болгону алдынан чыккан авто унаанын күчтүү жарыгынан жалтанып ошол карагайды сүзүп алды.

Жыйында Машакбай Рахманкулов бул тууралуу сотко кайрылгыла деп бул иш боюнча мындан ары да журналисттик иликтөө жүргүзө турганын билдирди:

- Айтып жатпайсыңарбы факты так эмес, туура эмес жарыяланып калган деп. Эгерде Данил туура эмес жазып койсо сотко бергиле. Мен мисал үчүн милдетин алып «Алиби» гезитине журналисттик иликтөөнү эми баштап жатам. МАИ мисал үчүн регистрация болгон эмес деди ошол убакта. А кийин мен уктум аларга арыз барган имиш.

Ал эми Улуттук телерадиокорпорациясынын журналисти Эдил Мелисбеков бул макала тууралуу жакында сотко кайрылам дейт:

- Иликтенбей калган макала жарыяланып калган. Макен чын эле катачылык кетирген. Мен бул боюнча сотко берем, мен өзүмдүн укугумду коргошум керек. Мас абалында деп жазылганы жалган. Наркологдордун көрсөтмөсү жок.

Эдил Мелисбеков улуттук телерадиокорпарациясынын жетекчилиги тарабынан апрель айынан тартып үч айга Талас телерадиокомпаниянын ишин жакшыртуу боюнча Таласка жөнөтүлгөн. Бүгүнкү учурда ал дарыланууда. Бул жерде болгон чатактын баардыгы бул макаланын авторлору автокырсык тууралуу толук маалымат жыйнабастан жазып, колдорунда тиешелүү документтерди топтошкон эмес дейт облустук журналисттер союзунун төрагасы Козубек Иманкулов:

- Фактыларды бекемдеген документтердин негизинде жазылбаганы ачык көрүнүп турат. Журналисттердин нааразычылыктары да ошол болуп жатат. Макаланын темасы коюлганы дагы «Мас болсоң мамыны сүзөсүң» мунун өзү дагы шыр эле ушул адамдын беделине, аброюна шек келе турган макала болуп турат.

«Мас болсоң мамыны сүзөсүң» аттуу макаланын автору, «Алиби» гезитинин Таластагы кабарчысы Данил Акжолов бул тууралуу «Азаттыкка» маалымат берүүдөн баш тартты:

- Жок айтпайм.

Жакынкы арада Талас телерадиокомпаниянын жетекчилигинен бийлик тараптан бошотулган журналист Машакбай Рахманкулов бул макалага кандай деңгээлде тиешеси бар экенин төмөнкүчө «Азаттыкка» айтты:

- Макаланы жазган Данил Акжолов, макаланын фактыларына жардам бергем. . .

Бүгүнкү учурда Талас облустук телерадиокомпания канча чыгымга учурады. Бул тууралуу азырынча так маалымат жок.