14:20 19-июлда Ысык-Көл облусундагы бир нече айылдарда сел жүрдү

Бул тууралуу Ысык-Көлдөгү кабарчыбыз Рита Нурманбет кызы билдирди. Анын айтымында, Чоң сары-ой, Булан сөгөттү, Корумду, Өрнөк айылында катуу жааган жаандан улам сел жүрүп, ондон ашуун үйдү суу каптап, бир нече картошка аянттарын жууп кеткен. Учурда кыян суу келтирген чыгымдардын көлөмү эсептелүүдө. (AJ)