Кондолиза Райс Иран атомдук программасынан баш тарпаса, жаңы санкцияларга кабыларын эскертти

Райстын айтымында, “убакыт чоюуу тактикасын” колдонгон Тегеран 2 жуманын ичинде Батыштын сунушуна жооп бериши керек. Вашингтон буга чейинки саясатын өзгөртүп, өткөн ишембиде Иран менен сүйлөшүүлөргө жогорку даражалуу дипломатын жиберген эле.