10:38 Чет жердеги боордошторго жардам жөнөтүлдү

Кечээ тутумуна дарыгерлер, окумуштуулар, журналисттер кирген кыргыз өкмөтүнүн экспедициясы Ооганстандын Улуу жана кичи Памириндеги жана Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан автоном облусундагы кыргыздарга жардам берүү үчүн жөнөп кетти. Миграция боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Айгүл Рыскулова баштаган экспедиция ал жердеги кыргыздарга дары-дармек, азык-түлүк жана күнүгө керектелүүчү товарларды жеткирет. Ага кеткен чыгым үчүн өкмөт чет жердеги кыргыздарга жардам көрсөтүү деген токтомдун негизинде эки миллион алты жүз элүү миң сом бөлгөн. (BD)