Пакистандын Тышкы иштер министрлиги өзүнүн "Ай-эс-ай" чалгын кызматы менен Кабулдагы жардырууну жасаган адамдардын ортосунда эч кандай байланыш жок деп билдирип, "Нью-Йорк Таймс" гезитинин маалыматын төгүндөдү. Аталган гезит өткөн жумада Пакистандын Чалгын кызматы террордук уюмдар менен тымызын байланышта экендиги жөнүндө жазып чыккан болчу.