Тибеттик бозгундар Индияда өздөрүнүн «Отордук шарттагы олимпиада оюндарын» баштады

Тибетти Боштондукка чыгаруу боюнча жаштар майданы деп аталган уюм уюштуруп жаткан спорттук иш-чарага Тибет, Шинжаң, Ички Монголия жана Манчжуриядан 40тай спортсмен чогулду. Бул иш-чарадан тышкары, Кытайдын улуттук азчылыктарга каршы катаал саясатын сынга алган демонстрациялар да Индияда өтүүдө.