Аба ырайы: айрым жерлерде кыска мөөнөттө жамгыр жаайт

Синоптиктердин кабарлоосуна караганда, 11-августта Кыргызстанда ала булут каптап турат. Айрым аймактарда күн күркүрөп, кыска мөөнөттө жамгыр жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй аймагында түнкүсүн +13...+18, күндүз +23...+28 градус.
Талас облусунда түнкүсүн +10...+15, күндүз +22...+27 градус.
Баткен дубанында түнкүсүн +13...+18, күндүз +27...+32 градус болот.
Жалал-Абат, Ош облустарында түнкүсүн +15...+20, күндүз +28...+33 градус.
Ысык-Көлдө түнкүсүн +13...+18, күндүз +21...+26 градус жылуу.
Нарын жергесинде түнкүсүн +10...+15, күндүз +24...+29 градус.
Бишкек шаарында ала булут каптап турат. Жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +15...+17, күндүз +26...+28 градус болот.

Күндүн узактыгы: 14 саат, 06 мүнөт.